Торугарт өткөрмө бекетиндеги тартип жана тазалык катуу көзөмөлдөнөт

Аймак 06 Август 2025 12:51
239809.jpg
529113242_1518537839557641_6487658856297242979_n.jpg
515501105_1518537859557639_6709133913457264855_n.jpg
526801606_1518537926224299_2140181946957889087_n.jpg
527012171_1518537932890965_3317946550739245871_n.jpg
527735919_1518537889557636_491619845558385291_n.jpg
528320474_1518537976224294_2490739590306819581_n.jpg
528334690_1518537899557635_3422493043086925074_n.jpg
528547725_1518537969557628_8818747032234567260_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon WWW

Бишкек, 06.08.25. /Кабар/. Торугарт өткөрмө бекетиндеги тартип жана тазалык катуу көзөмөлдөнөт. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлү Нурбек Сатаров тиешелүү кызматтар менен жыйын өткөргөн учурда белгиледи.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, ал жыйында өткөрмө бекеттеги тартип, тазалык жана инфраструктура маселелерин чечүүгө тапшырма берди.

Сатаров буга чейин айтылган маселелер чечилбей жатканын белгилеп, мындан ары тапшырмаларга так мөөнөт коюларын жана аткарылбаса катуу чара көрүлөрүн эскертти.

Бажы инфраструктурасынын Чыгыш филиалынын жетекчилигине жолдогу эскертүү белгисин коюу жана камера орнотуу үчүн 1 жума, таштанды маселесин чечүү үчүн 3 күн убакыт берилди.

"Нарын Транс" коомдук бирикмеси унааларды шаар ичинде токтотпоого жана тазалыкты сактоого милдеттендирилди.