"Торугарт" бекетинде кар жаап, унаа кыймылын кыйындатты

Аймак Загрузка... 05 Июнь 2026 18:25
copyright icon Мамлекеттик бажы кызматы

Бишкек, 05.06.26 /Кабар/. Бүгүн, 5-июнда «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагына калың кар жаады

Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, кардын калыңдыгы айрым жерлерде 15-20 сантиметрге чейин жетип, жолдорду муз каптагандыктан унаа кыймылы кыйындаган.

"Аба ырайынын кескин бузулушуна карабастан, бажы кызматынын кызматкерлери нөөмөттө туруп, өткөрмө пунктунун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууда", - деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик бажы кызматы айдоочуларды бийик тоолуу аймактарга жол жүрүүнү пландаштырууда аба ырайынын шарттарын алдын ала эске алууга, унаалардын техникалык абалын текшерүүгө жана ылдамдык режимин так сактоого чакырат.