Кыргызстандын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Нарын облусу - бай жаратылыш ресурстары, мал чарбачылыгы жана салкын климаты менен белгилүү аймак. Акыркы жылдары аталган аймакта өнөр жайдан тартып энергетикага, жол курулушунан социалдык объектилерге чейин ири долбоорлор ишке ашырылып, аймактын экономикалык көрсөткүчтөрү туруктуу өсүп жатканы байкалат.
Өткөн жылдагы көрсөткүчтөр
Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 2025-жылы облуста 16 млрд 800 млн сомдон ашуун өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн. Ал 2024-жылга салыштырмалуу 9 млрд 964 миң сомго көбөйгөн. Ал эми анын көпчүлүк көлөмү металл өндүрүүгө туура келет. Ал 8 млрд 336 млн сомго жетип, 23 эсе өскөн.

Облус боюнча 2 млн 523 миң тоннадан ашык көмүр казылып, Ат-Башы ГЭСи 189 млн кВт/саат электр энергиясын өндүргөн. Ички рынокту көмүр менен камсыздоодо Ат-Башы районундагы “Торугарт” участкасында “Кыргызкөмүр” МИ менен “Дун-Сэн” ЖЧКсы ишке киргизилген. Ошондой эле “Ак-Талаа көмүр” МИ “Ынтымак-Инвест” ЖЧКсы менен биргеликте 20 миң тонна көмүр чыгарган. “Солтон-Сары” алтын кенинде 876,3 кг алтын өндүрүлгөн.

Курулуп жаткан ГЭСтер жана энергетика
Учурда жалпы кубаттуулугу 100 мегаваттык 450 млн квт/саат электр энергиясын өндүрүүчү Куланак ГЭСин куруу иштери жүрүүдө. 34/10 килловаттык көмөкчү чордон, 1000 киловаттык 2 даана трансформатор, 190 даана зым тиректер орнотулуп, жумушчуларга вахталык шаарча курулду. Учурда административдик имаратынын курулуш иши бүткөрүлүп, сактоочу жайынын жана плотинанын курулуш иштери жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле Ат-Башы районунун Ак-Муз айылына караштуу Кичи-Ача участкасында жана Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл аймагында 1 мВт кичи ГЭСнин курулуш иштери уланууда. Аталган ГЭСтерди 2026-2027-жылдары пайдаланууга берилет.
Энергетика тармагында өткөн жылы 637 млн 276 миң кВт саат электр энергиясы пайдаланылып, бөлүнгөн лимиттен 1 млн 986,3 миң кВт саат үнөмдөлгөн.

Облустагы жол тармагы
2025-жылы асфальт төшөөгө жалпы 266 чакырым жол каралып, 135 чакырым жолдорго асфальт төшөлгөн. Бул иштерге жалпы облус боюнча 2 млрд 651 млн 710 миң сом каржыланган.
“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорунун аймактарында бекитилген пландын негизинде жалпы 208 чакырым аралыгы боюнча темир жол салуу иштери жүрүүдө. Ак-Талаа районунун аймагынан өтүүчү темир жолдун узундугу – 78 чакырым, ал эми Ат-Башы району -130 чакырымды түзөт.

Саламаттык сактоо объектилери жана дарыгелер
Өткөн жылы облуста төрөткананын курулушуна капсула салынган. Жумгал, Ат-Башы жана Кочкор райондорунда дарыгерлер үчүн жатаканалар салынууда. Ошондой эле Нарын шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна имарат курулуп берилүүдө.
Облуста бүгүнкү күндө 143 дарыгер жетишсиз. 2024-жылы “врач депозити” программасынын алкагында 21 дарыгер иштеген болсо, 2025-жылы бул көрсөткүч 31 дарыгерге жеткен. Ат-Башы районунда оорукананын аймагындагы имарат оңдоп-түзөө иштеринен өткөрүлүп, жаш дарыгерлерге турак жай катары колдонууга шарт түзүлүүдө.
Ошондой эле Кочкор районунда Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 200 миң акча каражаты бөлүнүп жаш дарыгерлердин турак-жайынын ижара акысы төлөнүп берилүүдө. Ошондой эле Кочкор айылында заманбап төрт кабаттуу, эки корпустан турган райондук жаңы оорукананын курулушу жүрүүдө.

Мектеп, бала бакча жана спорт комплекс курулуштары
Нарын облусунда жалпы курулуштардын суммасы 9,8 млрд сомду түзгөн. 18 социалдык объекти планга киргизилип, алардын ичинен 6 мектеп, 4 бала бакча жана 1 спорт зал жаңы салынып, пайдаланууга берилди.
4 бала бакчанын бири - Нарындын Ат-Башы районуна караштуу Баш-Кайыңды айылындагы бала бакча. Ага жалпысынан 71 млн сом жумшалган.
Андан тышкары, Нарын облусунун Кочкор районунда жалпы аянты 1320 чарчы метр, 230 орунга ылайыкташкан эки кабаттуу жаңы спорт комплекси курулууда.

Нарын районунда жасалып жаткан иштер
Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Нуридин Мадимаров белгилегендей, 2026-жылы райондо сегиз өндүрүш ишканасын ишке киргизүү пландалууда.
“Анын ичинде Жан-Булак айыл өкмөтүндө таш майдалоочу жана бетон заводу, Чет-Нура айылында бетон заводу, Дөбөлү жана Жерге-Тал айыл өкмөттөрүндө асфальт заводдору, ошондой эле Эмгек-Талаа айылында Куланак ГЭСи курулууда. Мындан тышкары, мамлекеттин колдоосу менен төрт мектепти бүткөрүп, пайдаланууга берүү каралууда”,-деди ал.