2027-жылдын күзүндө Бишкек шаарында БУУнун жетекчилиги астында өтө турган Экинчи глобалдык тоо саммити климаттын өзгөрүшүнөн улам бузулуп бара жаткан экосистемалардын туруктуулугуна байланышкан маанилүү чечимдер кабыл алынуучу негизги аянтча болот. Бул жерде сөз эң оболу температурасы дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн ылдамырак жогорулап жаткан тоолуу аймактар тууралуу болот.
Акыркы бир нече он жылдыкта мурда түбөлүк тоң катмарына кирген мөңгүлөр эрип жатат. Өткөн кылымдын ортосунан бери Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты болжол менен 25%га кыскарды. Климаттык өзгөрүүлөрдүн таасиринен нымдуулуктун ири запастары жоголуп, бул дарыялардын деңгээлине жана суу сактагычтардын толушуна терс таасирин тийгизүүдө. Бул тенденция өз кезегинде бир нече олуттуу системалык коркунучтарды жаратууда.
Бул биринчи кезекте, айыл чарба тармагына түз коркунуч жаратат жана бул маселе бир эле өлкө менен чектелбестен, бүтүндөй ири аймакты камтыйт. Борбор Азия тууралуу сөз кыла турган болсок, Кыргызстан менен Тажикстандын тоолорундагы мөңгүлөр Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстандагы айыл чарба жерлеринин түшүмдүүлүгүнө жана өндүрүмдүүлүгүнө түз таасир этет. Демек, узакка созулган кургакчылык жана аймакта барган сайын көбөйүп жаткан жылуулук толкундары азык-түлүк каатчылыгын жаратышы мүмкүн.
Экинчиден, тоо дарыяларынын деңгээлинин төмөндөшү гидроэнергетиканын мүмкүнчүлүктөрүнүн кыскарышына алып келет.
Эксперттердин айтымында, эгерде ГЭСтер электр энергиясын өндүрүүнү бир учурда токтотсо, Борбор Азия туш болушу мүмкүн болгон көйгөйлөрдүн масштабын элестетүү да кыйын. Мунун кесепетинен бүткүл критикалык инфраструктура, анын ичинде аймактын негизги жашоону камсыз кылуучу системалары жабыркайт.
Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана ага алдын ала даярдык көрүү эл аралык күн тартибинде биринчи орунда турат. Кыргызстан бул маселени ар кандай аянтчаларда 25 жылдан ашуун убакыттан бери активдүү көтөрүп келет. Өлкөбүздүн демилгеси менен уюштурулуп, өткөрүлгөн форумдар, сүйлөшүүлөр жана саммиттер, айрыкча БУУнун жетекчилиги астында өткөн иш-чаралар, глобалдык жылуулукка каршы күрөш жалпыга тиешелүү иш экенин түшүнүүгө негиз салды. Ошондой эле жаңы жаратылыш шарттарына ыңгайлашуу бул бир гана тоолуу өлкөлөрдүн эмес, бардык мамлекеттердин туруктуу өнүгүүсүнө байланышкан маселе экени белгилүү болду. Ал эми мөңгүлөрдүн деградациясын жайлатуу эл аралык коомчулуктун биргелешкен аракетин талап кылган маанилүү милдет болуп саналат.
Тоолуу аймактар кайсы бир мамлекеттерге таандык болгонуна карабастан, глобалдык деңгээлде суунун негизги булагы жана климатты жөнгө салуучу өзгөчө система катары кызмат кылат. Алардын таасири таштуу чокулар менен тоо кыркаларынын чегинен алда канча алыска жайылат. Бул экосистемаларды коргоо бир эле өлкөнүн иши болуп калбашы керек. Ошондуктан бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгуу, илимий маалыматтар менен алмашуу, чек арадан өтүүчү экологиялык программаларды киргизүү жана жаратылышты коргоо саясатын координациялоодо эл аралык институттардын ролун күчөтүү зарыл. Мындай ар түрдүү чечимдерди издөө дүйнөнүн башка аймактарында да, жалпы планетада да туруктуулукту сактоо үчүн өзгөчө маанилүү.

Эл аралык кызматташтык боюнча эксперт, Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов климаттык күн тартибинин алкагында реалдуу кызматташууга алып келе турган саясий ыкмаларды издөө ар бир өлкөгө эртеби-кечпи таасир эте турган кырдаалды терең түшүнүүгө негизделиши керек деп эсептейт.
"Биз коңшулар менен чындап эле бир кайыктабыз. Суу, энергия жана климаттык тобокелдиктер чек ара тааныбайт. Дал азыр Борбор Азияга дагы талаш эмес, тескерисинче, ресурстарды адилет бөлүштүрүү жана өз ара көз карандылыкты биргелешкен пайдага, туруктуу өнүгүүгө жана коопсуз энергетикалык келечекке айланта турган жалпы экономикалык механизм керек", – деп белгилейт дипломат.
Эксперттердин айтымында, фактылар көрсөтүп тургандай, башы Кыргызстандан башталган дарыялардын суу ресурстарынын 80%дан ашыгы, ошондой эле өлкө аймагындагы суу сактагычтардын суусу коңшу мамлекеттер тарабынан пайдаланылып келет. Бул биздин аймактын табигый өзгөчөлүгү. Тоолор миллиондогон адамдардын жашоосуна жана чарбалык ишмердүүлүгүнө таасир эткен суу булактарын түзөт. Ал агымдар жүздөгөн, атүгүл миңдеген чакырым аралыкка чейин жетет. Бул жалпы байлык болгондуктан, мөңгүлөрдү коргоо жана алардын сакталышына кам көрүү баарыбыздын биргелешкен милдетибиз.

Эколог Бактыбек Саипбаев буга чейин эле мөңгүлөрдүн айланасында ири "токой калканын" түзүү зарылдыгын белгилеп келген. Мындай токой тилкеси мөңгүлөрдүн эришинин ылдамдыгын жайлатууга жардам берет. Ошондой эле коңшу өлкөлөрдүн да кызыкчылыгында турган ири долбоор чоң көлөмдөгү суу сактагычы менен Камбар-Ата-1 гидроэлектростанциясын тез арада куруу пландалууда.
Биринчиден, бул тоолордогу температуранын кескин өзгөрүшүн жумшартып, климатты бир аз турукташтырууга шарт түзөт жана натыйжада нымдуулуктун сакталышына өбөлгө болот. Экинчиден, Камбар-Ата-1 ишке киргенден кийин Токтогул суу сактагычынан кыш мезгилинде суу чыгымдоо кыйла азайып, анын деңгээли да кооптуу чектерге чейин түшүп кетпейт.
"Биз ылдамдашыбыз керек. Суу сактагычтары бар ири ГЭСтерди куруу, атом жана суутек энергиясын колдонуу маселесин олуттуу карап чыгуу зарыл. Ошондо биз тоолордогу сууну сактап, кыш мезгилинде электр энергиясын өндүрүү үчүн чоң көлөмдөгү суу запастарын ашыкча чыгымдабай калабыз. Ошондой эле мөңгүлөрдүн айланасына токой отургузуу сыяктуу ири экологиялык иш-чаралар жана айыл чарбасында тамчылатып сугаруу системасын кеңири киргизүү абдан маанилүү. Эгерде бул милдеттерди аткара алсак, анда глобалдык жылуулуктун кесепеттерин олуттуу деңгээлде жумшарта алабыз.
Албетте, коңшу өлкөлөрдө, биздин тарыхый жана стратегиялык өнөктөштөрдө, ошондой эле жалпы дүйнөлүк коомчулукта Кыргызстан менен Тажикстан мындай масштабдуу милдеттерди жалгыз өзү чече албайт деген түшүнүк калыптанышы керек. Бизге гидротехникалык курулмаларды модернизациялоодо жана жакшыртууда, каналдарды бетондоодо жана дарыялардын нугун оңдоодо жардам жана колдоо зарыл. Жалпы ишке болгон салым бул туруктуу келечекке карай багыт", – деди Бактыбек Саипбаев.
Эксперттик коомчулуктун баамында, Бишкектеги Экинчи глобалдык тоо саммити талкуу аянтчасы гана болбостон, тоо экосистемаларын сактоо боюнча так жана конкреттүү чараларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу үчүн негизги платформа болушу керек. Бул климаттык соккуларга ыңгайлашууга жана алдын ала даярданууга мүмкүнчүлүк берип, жашоого ылайыктуу чөйрөнү сактап калууга жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоого өбөлгө түзөт.