Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Токтогулдун 4 айылындагы жаңы көчөлөргө электр чубалгылары тартылат. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.
Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясы тарабынан Токтогул шаардык мэриясынын Жаңы-Жол, Бала-Чычкан, Кара-Суу, Кара-Тектир айылдарынын жаңы көчөлөрүнө электр чубалгыларын тартуу жана эски мамыларды жаңылоо максатында керектүү электр жабдуулары толугу менен сатып алынып, Токтогул шаардык мэриясынын балансына өткөрүлүп берилди.
Жабдуулардын тизмеси:
- СВ-95 темир-бетон электр мамычалары — 40 даана;
- 0,4 кВ траверсалар — 80 даана;
- ТФ-20 изоляторлору — 320 даана;
- А-35 электр зымы — 4 000 метр.
Жалпы суммасы: 732 000 сом.