Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8,7 млрд куб метрди түздү

Коом 25 апрель 2025 08:52
Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8,7 млрд куб метрди түздү

Бишкек, 25.04.25. /Кабар/. 24-апрелге карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 млрд 754 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 405 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 197 куб метрди түзүүдө.