Бишкек, 27.10.25. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун, Токтогул районунун администрация башчысынын биринчи орун басары Нурболот Кожобергенов кызматтан кетти. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине райондук администрациядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Нурболот Кожобергенов 17-октябрда өз каалоосу менен кызматын тапшырган.
"Анын кызматтан кетиши Борбордук шайлоо комиссиясынын Токтогул, Кара-Көл, Таш-Көмүр боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалганына байланыштуу", - деп айтылат маалыматта.