Токмоктогу мурунку текстиль заводуна инженердик текшерүү жүргүзүлдү

Аймак 03 Апрель 2026 15:00
69b66c7906e3ffd082b7ba72_service-buldings.jpg
659223597_958514053242630_6703403169645635435_n.jpg
Алдыга
Артка
69b66c7906e3ffd082b7ba72_service-buldings.jpg
659223597_958514053242630_6703403169645635435_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан Чүй облусунун Токмок шаарындагы текстиль жана өнөр жай багытындагы өндүрүштүк имаратка инженердик-техникалык текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анда адистер “Касиет” ишканасынын текстиль жана жеңил өнөр жай заводуна тиешелүү имараттардын курулуш конструкцияларынын инженердик-техникалык абалын карашты. Ошондой эле алар объекттин долбоордук жана техникалык документтерин карап чыгып, курулуш конструкцияларына инженердик талдоо жүргүздү.

Жыйынтыгында институт тарабынан курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, аларды мындан ары пайдалануу боюнча сунуштар иштелип чыгат.

Белгиленгендей, аянты 6 гектарды түзгөн завод 1975-1978-жылдары курулган. Жалпысынан 14 блоктон турган бул объект учурда иштебейт.