Бишкек, 13.01.26. /Кабар/. Токмок шаарында оңдоп-түзөөдөн өткөн "Космос" кинотеатрынын салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Долбоордун алкагында РКӨФ жалпы суммасы 1 млн 550 миң АКШ долларын бөлүп берген. Бул каражат Кыргызстандын кичи жана орто шаарларындагы — Баткен, Чолпон-Ата, Кербен, Араван, Беловодск жана Токмок шаарларындагы алты кинотеатрды реконструкциялоого багытталган.
Токмок шаарындагы кинотеатр 1973-жылы курулуп, көп жылдар бою иштебей турган. Долбоордун алкагында ал толугу менен модернизацияланды: 400 орундуу зал капиталдык оңдоодон өтүп, заманбап санариптик жабдуулар жана ыңгайлуу эмеректер орнотулду.
Кинотеатрдын кайрадан жанданышы шаар тургундары үчүн көптөн күткөн кубанычтуу окуя болгону белгиленди.
"Биздин миссия — өнөр жайга гана эмес, адамдардын жашоо сапатына да инвестиция салуу. Токмоктогу кинотеатр — бул өзүнчө долбоор эмес, бүткүл Кыргызстан боюнча бирдиктүү маданий мейкиндикти түзүү боюнча чоң системалык иштин бир бөлүгү. Мындай долбоорлорду колдоо — фонддун адамдык капиталды өнүктүрүүгө жана заманбап коомду курууга кошкон түз салымы", – деп белгиледи РКӨФ башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков.
Бул демилге жергиликтүү коомчулуктун өнүгүшүнө стимул болуп, тармак боюнча 200дөн ашык жаңы жумуш ордун түзөт. Ошондой эле алыскы райондордун тургундарына заманбап кинолорду, анын ичинде ата мекендик тасмаларды көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
"Атлант Синема" ЖЧКсы тарабынан РКӨФтүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан бул демилге президент Садыр Жапаровдун түз тапшырмасы жана министрлер кабинетинин көмөгү менен жүзөгө ашырылууда.