Токмокто мрамор жана гранит чыгарган "Кыргыз Тоо-Таш" заводу мамлекетке алынды

Аймак 1512 22 Апрель 2025 15:00
492143216_1520152448943758_7860437250849550259_n.jpg
491672278_1520152502277086_165914240718744279_n.jpg
491803891_1520152625610407_2387611789475501653_n.jpg
492054663_1520152445610425_3388643377978909246_n.jpg
492084524_1520152645610405_6069093662775189844_n.jpg
492104511_1520152515610418_4592687182152575514_n.jpg
492135154_1520152685610401_8178133859363962413_n.jpg
492362590_1520152562277080_6293308010744248940_n.jpg
492577158_1520152582277078_3409627380714218120_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 22.04.25. /Кабар/. Токмок шаарындагы мрамор жана керамикалык-гранит плиталарын чыгаруучу "Кыргыз Тоо-Таш" заводу мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Кыргыз Тоо-Таш" заводу 60-жылдардан тартып, Бүткүл союздук мааниге ээ болгон жана СССРдин көптөгөн шаарларын таш менен камсыз кылган. Бишкектин муниципалдык имараттарынын 60% дан ашыгы "Кыргыз Тоо-Таш" (гранит, мрамор, акиташ ракушечник, шагыл) материалдарын колдонуу менен курулган.

Өндүрүш модернизацияланган жана Италиядан алынып келинген эң заманбап жабдууларга негизделип, заводдун карамагында өзүнүн карьерлери, кирүүчү темир жол жана жүк ташуучу унаалар паркы бар.

Айлык өндүрүштүн көлөмү 30 миң чарчы метрден ашык каптоочу плиталарды (мрамор, акиташ, гранит) түзөт.

Ошол эле учурда жогоруда аталган ишкананын ишмердүүлүгү даяр продукцияны ири көлөмдө экспорттоого багытталган.

"УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди аныктоо жана мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иш-чаралардын жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин атынан Токмок шаарында жайгашкан "Кыргыз Тоо Таш" өндүрүштүк масштабындагы керамикалык -гранит буюмдарын, мрамор плиталарын жана кум-шагыл аралашмасын өндүрүү боюнча завод мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди",-деп айтылат маалыматта.