Токмок – Кемин унаа жолунун боюнда 8 мыйзамсыз объект аныкталды

Аймак 04 Август 2026 12:25
1ad6d8b6-3ebb-4d55-91e7-4b66a70d927d.jpg
263ab1e9-78fc-4091-94a3-91aa9ba7faf1.jpg
93e2ae51-47de-446d-988f-348e4d36e937.jpg
0689aa1d-63aa-4337-ac33-092306a2986a.jpg
c971d78c-7b65-4f92-a43d-8f0e18d4ec28.jpg
d7a49f4c-f591-43dc-9c01-e5fd2b76729c.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Чүй облусундагы Токмок – Кемин унаа жолунун боюнда жайгашкан объекттерге жүргүзүлгөн инвентаризациянын жүрүшүндө 8 мыйзамсыз курулуш аныкталды.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, текшерүүдө үч капиталдык курулуш объектиси жана беш жеңил конструкциядагы соода павильону мыйзам талаптарына жооп бербегени аныкталган.

Адистер объект ээлерине шаар куруу жана жер мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мыйзам бузууларды жоюу тууралуу эскертүүлөрдү беришти.

Инвентаризация шаар куруу тартибин камсыз кылуу, мыйзамсыз курулуштардын алдын алуу жана аймактарды ирээтке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө.