Токио дүйнөдөгү эң бай шаар деп аталды

Дүйнө Загрузка... 18 Ноябрь 2025 11:40
WhatsApp Image 2025-11-18 at 07.56.36.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.11.25 /Кабар/. Токио ички дүң продукциясы боюнча дүйнөдөгү эң бай шаар деп табылды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы Япониянын борбор шаарынын ИДПсы 2,55 триллион долларга жеткен. Экинчи орунда — 2,49 триллион доллардык ИДП менен Нью-Йорк шаары турат. Алдыңкы үчтүктү 1,62 триллион доллар менен Лос-Анжелес шаары толуктайт.

Бул мега шаарлар дүйнөлүк экономиканын негизин түзүп, капиталды, инновацияларды топтоп, дүйнөлүк рынокко зор таасирин тийгизүүдө.

ИДП шаарлардын экономикалык кубатын салыштырууда эң кеңири колдонулган көрсөткүч бойдон калууда.

Токионун күчү — технология, автомобиль жана так өндүрүш тармактарындагы көп жылдык инновацияларга негизделген.

Ал эми Нью-Йорк — дүйнөлүк каржы борбору. Бул жерде Уолл-стрит, Нью-Йорк фондулук биржасы жана стартап экосистемасы жайгашкан.

Лос-Анжелес болсо чыгармачылык менен сооданы айкалыштырып, көңүл ачуу индустриясы жана өсүп жаткан технологиялык, аэрокосмостук сектору менен айырмаланат.