Тогуз жолдун тоомундагы Борбор Азия менен кызматташууну арттырууга ири өлкөлөр кызыкдар

Пикир Загрузка... 19 Декабрь 2025 18:10
599952570_1424669506334346_563590762447441389_n.jpg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Япониядагы жогорку деңгээлдеги жолугушуулар мындан ары ар кыл тармактарда кызматташтыкка жол ачат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Казы Дыйканбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын доценти, юридика илимдеринин доктору Темирбек Нурматов “Кабар” агенттигине билдирди.

WhatsApp Image 2025-12-11 at 12.35.24

Анын айтымында, учурда кыргыз-япон кызматташтыгы бир катар тармактарда өнүгүүдө. Япония технологиялык жактан алдыга кеткен өлкө болгондуктан, алар менен биргеликте ишке ашыра турган долбоорлор арбын.

597789200_1425279136273383_914922855968702874_n
“Президент Садыр Жапаров Япония тараптын чакыруусу менен жогорку деңгээлдеги жолугушууга, “Борбор Азия + Япония” форумуна катышуу үчүн барды. Кыргызстан менен Япониянын кызматташтыгын мындан ары да арттыруу зарыл. Биз билгендей Япония эң өнүккөн өлкө, технологиялык жактан жетишкен мамлекеттердин бири. Бүгүнкү күндө кыргыз-япон кызматташтыгы үзүрлүү жүрүүдө. Япония өкмөтү бизге ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет. Биздин жарандар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер квалификациясын жогорулатуу үчүн окууларга барып, тажрыйба топтоп келишүүдө. Биздин мамлекет ушундай үлкөн мамлекеттер менен ар тараптуу мамилелерди бекемдөөгө кызыкдар. Анткени биздин өлкө дүйнөдөгү алдыңкы өнүгүүлөрдөн, өсүүлөрдөн четте калбай, кызматташуубузду бекемдөөгө умтула беришибиз керек деп ойлойм. Мына бүгүн биздин президентти Япониянын императору кабыл алды. Бул жогорку деңгээлдеги жолугушуу мындан ары ар кыл тармактарда кызматташтыкка жол ачып берет деп айтсак болот”, - деди ал.

Ошондой эле Темирбек Нурматов белгилегендей, Евразия континентинин чок ортосунда жайгашкан Борбор Азия, андагы беш мамлекет - Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстан түндүк менен түштүктү, чыгыш менен батышты бириктирген регион болуп саналат.

599952570_1424669506334346_563590762447441389_n

Бүгүнкү күндө дүйнөдө эң зарыл деп эсептелген ресурстардын баары бул аймакта бар болгондуктан башка мамлекеттер кызматташууну туура көрүп, алдыга кадам таштоодо. Анткени Борбор Азия мамлекеттери жаратылыш ресурстарына бай, тогуз жолдун тоомунда жайгашкандыктан транспорт, логистика тармагында алакаларды түзүүгө өзгөчө ыңгайлуу.

“Борбор Азиядагы Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстан – ушул 5 мамлекеттин катышуусунда 5+1 форматындагы ири иш-чаралар акыркы жылдары байма-бай уюштурулуп келүүдө. Буга чейин мындай жолугушуулар АКШ, Европа Биримдиги, Кытай, Россия өткөргөн. Анда Борбор Азиядагы ушул 5 мамлекеттин башчылары менен кызматташтыкты арттыруу маселелери талкууланып, бир катар келишимдерге кол коюлуп жатат. Башка өнүккөн өлкөлөр биздин өлкөлөрдү бир аймак катары карап, алака түзүүнү туура көрүп жатышат. Анткени Борбор Азия мамлекеттери бири-бири менен бир регион болуп бардык тармактарда тыгыз кызматташууга өзгөчө көңүл бурууда. Алсак, анда экономика, транспорт жана логистика жана башка тармактар бар. Бул жолку Борбор Азия + Япония жолугушуусу дагы биздин мамлекет үчүн өз жемишин берет деп ишенем”, - деп айтты Нурматов.