Кыргыз элинин интеллектуалдык мурасы болгон тогуз коргоол оюну миңдеген жылдардан бери уланып, “Манас” эпосунда да эскерилет. Бул оюн логикалык ой жүгүртүүнү, так эсептөөнү жана стратегиялык ойду өнүктүрөт. Кыргыз элинин турмушундагы маанисин жана эл аралык популярдуулугун эске алуу менен тогуз коргоол башынан тарта Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тизмесине киргизилген.
Манкала оюндарынын келип чыгышы жана тарыхый тамырлары
Тогуз коргоол дүйнөгө белгилүү болгон манкала оюндарынын бири болуп саналат. “Манкала” сөзү “жылдыруу, жүрүү, кыймыл” деген маанини билдирет. Бул оюндардын негизги өзгөчөлүгү таштарды топтоо аркылуу утуп алуу механизми. Дүйнө жүзүндө манкаланын 400гө жакын түрү бар жана алардын 90дон ашуун түрү Африка өлкөлөрүндө кеңири таралган. Мисалы, Мароккодо бул оюн “сиг” деп аталат. Африканын батыш бөлүгүндө “кали”, Ганада “вари”, Либерияда “поо”, Сенегалда “капо-кунго” деген аттар менен белгилүү.

Ал эми бул оюн тууралуу алгачкы маалыматтар болжол менен 7 миң жыл мурда Египет пирамидаларынан табылган. Ташка чегилген сүрөттөрдөн улам аны соодагерлер ойногону байкалат. Алар узак жол жүрүп же жүктөрүн күтүп жатканда бош убактысын ушул оюн менен өткөрүшкөн болушу ыктымал. Ал эми соодагерлер аркылуу манкала оюндары Азия, Европа жана Америка континенттерине тараган деген божомолдор бар.
Тогуз коргоолдун дүйнөгө таралышы
Манкала оюндарынын катарына кирген тогуз коргоолду кыргыз эли байыртадан ойноп келет. Аны казак эли “Тогуз кумалак”, түрктөр “Докуз кумалак” жана монголдор “Эсен коргол” деп аташат. Бул оюн Орто Азиядан тышкары Афганистандын түндүк-чыгышында, Россиянын айрым аймактарында (Алтай, Хакасия, Якутия, Татарстан, Тува), Батыш Монголияда жана Кытайдын түндүк-батыш аймактарында да кеңири тараган.

Тарыхый булактар жана археологиялык табылгалар
Тогуз коргоолдун Орто Азияга Улуу Жибек Жолу аркылуу, ислам дини тараган мезгилде (VII–VIII кылымдар) келген деген маалыматтар бар.
Бул оюн кыргыздын улуу мурасы болгон “Манас” эпосунда да эскерилет. Эпостун бир вариантында тогуз коргоол оюну сүрөттөлгөн саптар кездешет.
Ошондой эле Токмок шаарындагы Бурана музейинде тогуз коргоолдун 120–150 кг салмактагы таш тактасы сакталуу. Чүй өрөөнүндөгү Ой-Табылга жана Жалал-Абаддагы Кара-Көл шаарына жакын Сандык-Конуш белинде да ушундай табылгалар бар экени белгилүү.
Тогуз коргоол тууралуу алгачкы илимий эмгекти 1906-жылы орус окумуштуусу Н. Пантусов “Кыргыз оюну — Тогуз кумалак” деген аталышта жазган. Ошондой эле немис антропологу Ричард Карутц 1911-жылы бул оюн боюнча эмгек жарыялаган.

Заманбап өнүгүү жана санариптештирүү
Байыртадан бери келе жаткан бул оюнду ойногон кыргыз оюнчулары дүйнөлүк жарыштарда жана өлкө ичиндеги мелдештерде көптөгөн ийгиликтерге жетишип келишет. Аны жайылтуу жана өнүктүрүү максатында 1993-жылы Тогуз коргоол федерациясы түзүлгөн.
Ал эми 1999-жылы кыргыз информатиги Кубат Картаңбаев электрондук версиясын иштеп чыккан. Бул оюнду санарип форматта жайылтууга чоң салым кошкон. Аталган версияны уюлдук телефонго көчүрүп ойноого болот.
2008-жылдан бери ал интеллектуалдык оюндардын эл аралык олимпиадасында “Тогуз кумалак” аталышында катышып келет.
Бул оюн логикалык ой жүгүртүүнү жана так эсептөөнү өнүктүргөн оюн болгондуктан, кошуу, кемитүү, көбөйтүү жана бөлүү сыяктуу математикалык амалдар колдонулат. Ал мектеп окуучулары үчүн өзгөчө пайдалуу болгондуктан, Агартуу министрлигинин чечими менен мектеп программасына киргизилген.

Тогуз коргоол кандай ойнолот?
Тогуз коргоол оюну атайын тактада ойнолот. Тактада 18 уюк (ар бир оюнчуга 9дан) жана ортосунда утулган коргоолдор чогултулуучу эки казан бар. Жалпы 162 коргоол колдонулат. Мындан тышкары, “тузду” белгилөө үчүн өзүнчө белги бар. Оюн башталганда ар бир уюкка 9дан коргоол салынат.
Максаты жана катышуучулар
Оюн эки оюнчу үчүн арналган, алар кезектешип жүрүш жасашат. Бул жердеги негизги максат өз казанына мүмкүн болушунча көп коргоол топтоо. 82 коргоол чогулткан оюнчу жеңет. Эгер экөө тең 81ден топтосо оюн тең чыгуу менен аяктайт. Эгер оюнчулардын бирөөсүндө коргоол калбай калса, оюн аяктайт.

Оюндун жүрүшү
Чүчү кулак аркылуу ким биринчи баштай турганы аныкталат. Оюнчу өз тарабындагы каалаган уюктан коргоолдорду алып, саат жебеси боюнча бирден таратып чыгат. Акыркы коргоол атаандаштын уюгуна түшүп, ал жерде коргоолдордун саны жуп болуп калса, ошол уюктун бардык коргоолдору оюнчунун казанына алынат. Эгер акыркы коргоол так сан болуп түшсө же өз тарабында калса, коргоолдор алынбайт.
“Туз” эрежеси
Эгер акыркы коргоол атаандаштын уюгуна түшүп, ал жерде эки коргоол болуп калса (жалпысы үч), оюнчу аларды казанына алып, ошол уюкту “туз” деп жарыялайт. Андан кийин ал уюкка түшкөн бардык коргоолдор ошол оюнчунун казанына өтүп турат. Ар бир оюнчу бир гана жолу “туз” жарыялай алат. №9 уюк “туз” боло албайт жана атаандаш ошол эле номердеги уюкту “туз” кылып ала албайт.
Тогуз коргоол кыргыз эли үчүн өзгөчө мааниге ээ
Тогуз коргоол федерациясынын вице-президенти, машыктыруучу Керимбек Өмүралиев “Кабар” агенттигине билдиргендей, бул оюн кыргыз эли үчүн абдан маанилүү. Тогуз коргоолчулар чет өлкөлөрдө жана өлкө ичинде көптөгөн ийгиликтерди багындырып келишет.

“Бизде кыргыз элине гана таандык, байыртан бери келе жаткан керемет нерселер бар. Алардын катарына “Манас” эпосу, жети күн жана жети түн суу жөнүндө төккөн Жеңижок сыяктуу төкмөчүлүк өнөрү, улуттук оюндардын туу чокусунда турган көк бөрү оюну кирет. Ошол эле маалда тогуз коргоол да ушул кереметтердин катарын толуктайт.
Кыргыздар тогуз коргоолдун 3 миң жылдык тарыхы бар деп эсептешет, бирок кайсы жерде жана качан пайда болгону так белгилүү эмес. Айрымдары муну бош убактысы көп болгон бай-манаптар ойлоп тапкан дешсе, айрымдары малчылар ойлоп тапкан деп эсептешет.
Бул оюн “Манас” эпосунда да кездешет. Сагымбай Орозбак уулунун вариантында мындай саптар бар:
“Кыркың кызык ойнотуп, Чатыраш ойнун салыңар, Тогуз, онуң биригип, Тогуз коргоол алыңар. Жыйылып алып жыйырмаң, Топ таш-чакмак алыңар”.

Дүйнөлүк мелдештерде тогуз коргоолчулардын ийгиликтери
Өмүралиев ошондой эле тогуз коргоолчулардын ийгиликтерине да токтоло кетти.
“Тогуз коргоолчулардын жетишкендиктери да баа жеткис. Былтыр Алматы шаарында өткөн чемпионатта биздин оюнчулар байгелүү орундарды ээлешти. Мектеп арасында U-15 жаш курагында өткөн дүйнө чемпионатында Үпөл Абдымомунова дүйнө чемпиону, ал эми Нурэл Султашев менен Алмаз Жеңишбек уулу Азия чемпиону болушту. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында да биздин оюнчулар дайыма алдыңкы орундарды багындырып келишет. Быйылкы мелдешке карата даярдыктар активдүү жүргүзүлүүдө. Ар бир командадан эки эркек жана эки айымдан турган төрт оюнчу катышат. Жакында өткөн чемпионаттын жыйынтыгында мыкты оюнчулар тандалып алынды", — деди ал.
Вице-президент белгилегендей, мындай жетишкендиктер тогуз коргоол кыргыз оюнчуларынын потенциалы абдан жогору экенин көрсөтөт. Бул оюнду мындан ары да өнүктүрүү зарыл, анткени ал тапкычтыкты, шамдагайлыкты, тез эсептөөнү жана чыдамкайлыкты үйрөтөт.

Тогуз коргоол тууралуу легенда
Жолоочулар төөлөрүнүн үстүнө ар түркүн нерселерди жүктөп алып кетип бара жатып, бир жерге түнөөгө мажбур болушуп конуп калышат экен. Эки чоң нар төөнү жүгү менен ортого коюп, калгандарын тегерете уктап калышат. Эртеси баягы кетип бараткан жолун андан ары улантып кетишет. Кокусунан өтүп бара жаткан башка жолоочулар жакшылап көз жүгүртүшсө, эки тарабы тогуздан он сегиз, ортосунда эки чоң төө жаткан орундар жерге чөгүп кетиптир. Төөлөр жаткан чуңкурларга төөнүн коргоолдору кургак болуп катып калыптыр. Окуяга кабыл болгон жолоочулардын бири ойлонуп олтуруп, ушул оюнду ойлоп чыккан деген пикирлер да бар. Төөнүн кыгын да коргоол дешет, ошондуктан оюндун аты тогуз коргоол деп аталып калган деген бир имиш бар.