Тогуз айда 2,7 миңден ашык жаранга пенсия чектелди

Коом 9 октябрь 2026 11:20
Тогуз айда 2,7 миңден ашык жаранга пенсия чектелди

Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Кыргызстандын Социалдык фонду 2026-жылдын январь-сентябрь айларында 39 миң 261 пенсиялык ишти карады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, сентябрь айында 2 миң 759 жаранга пенсия жаңыдан чектелип, 596 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелди.

Пенсиялар эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы тууралуу кошумча документтердин негизинде кайра эсептелген.