Бишкек, 22.01.26. /Кабар/. Бүгүн Тоң районун Коргонду-Булак айылынын тоо кыркасындагы Көл-Бел тилкесинде 2 жаран машинасы бузулуп, тоодон түшө албай калган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, алар "112" кыска номерине жардам сурап кайрылышкан.
Жерине Тоң райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылган. Алар унаасы бузулуп, үшүп калган 1 эркек жана 1 аялды Бөкөнбаев айылына аман-эсен алып келишкен.
Учурда алардын абалы жакшы.