Түндүк – Түштүк жолунун боюна таштанды челектери орнотулду

Аймак 197 19 Август 2026 16:05
WhatsApp Image 2026-08-19 at 12.52.24.jpeg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолунун түндүк тарабына тазалыкты сактоо максатында таштанды салуучу атайын челектер орнотулду.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, челектер Чаек, Дыйкан, Арал, Сары-Булуң, Арал – Суусамыр жана Кызарт айылдарындагы жол жээктерине коюлду.

Министрлик жол жүрүүчүлөрдү таштандыны жол жээгине ыргытпай, атайын челектерге салууга чакырды.

"Жол таза болсо, сапарыбыз да жагымдуу жана көрктүү болот", - деп белгиленет министрликтин маалыматында.