Бишкек, 20.02.26. /Кабар/. Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун "Арал" транспорттук көзөмөл пунктунун (Жумгал району Арал айылы) түндүк тарабында жаңы транспорттук көзөмөл пункту курулат. Мындай чечим Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 19-февралда өткөн аппараттык жыйынында кабыл алынды.
Ведомстводон маалымдашкандай, жаңы транспорттук көзөмөл пунктунун ачылышы жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга, жүк ташуучу унаалардын белгиленген салмактык жана габариттик ченемдерди сактоосун көзөмөлдөөгө, ошондой эле унаа жолдорунун бузулушунун алдын алууга багытталган.
Мындан тышкары, бул чара мыйзамсыз жана ашыкча жүк ташууларды кыскартууга, жол инфраструктурасын сактоого жана транспорт тармагындагы тартипти чыңдоого өбөлгө түзөт.
Ошондой эле республика боюнча иштеп жаткан транспорттук көзөмөл пункттарында көп жылдардан бери жүргүзүлбөй келген капиталдык оңдоо иштерин этап-этабы менен ишке ашыруу каралууда.
Белгилей кетсек, жогоруда аталган курулуш жана оңдоо иштери президенттин Турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланат.