Түндүк – Түштүк унаа жолуна түшкөн таш 60 миң куб метрди түзөт

Коом Загрузка... 05 Июнь 2026 10:25
tash.webp
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолуна түшкөн ири көлөмдөгү таштын болжолдуу көлөмү 55-60 миң куб метрди түзөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда жеринде №18 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.

"Таш көчкүнү тазалоо иштерине 2 экскаватор, 2 ХОВО жүктөгүч, 2 погрузчик тартылды. Ошондой эле башка аймактагы жол тейлөө ишканаларынан техникалар тартылууда. Дагы кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик айдоочуларга коопсуздукту камсыз кылуу максатында аталган тилке аркылуу убактылуу каттамга чыкпай турууну, жол эрежелерин жана жол кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн так сактоону эскертет.

Белгилей кетсек, 4-июнда саат болжол менен 17:30 чамасында Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолунун 270-271-чакырым аралыгына чоң көлөмдөгү таш түшүп, жол кыймылы убактылуу жабылган.