Таш түштү: Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолу жабылды

Кырсык 4 июнь 2026 18:40
Таш түштү: Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолу жабылды

Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолуна таш түштү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Таш бүгүн саат болжол менен 17:30 чамасында унаа жолдун 270-271-чакырым аралыгына түшкөн.

"Учурда окуя болгон жерде көчкүнүн көлөмүн тактоо жана жолду тазалоо иштерине атайын техникаларды тартуу боюнча уюштуруу иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, тиешелүү кызматтар тарабынан кырдаалга көзөмөл жүргүзүлүп, коопсуздукту камсыздоо боюнча зарыл чаралар көрүлүүдө.