Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолу түнкүсүн жабылууда: Убактысы

Аймак 319 23 Июль 2026 10:20
eabeab6f-2247-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
754142553_2075_H3sGBef.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
eabeab6f-2247-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
754142553_2075_H3sGBef.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 23.07.26 /Кабар/. Ош облусунун тургундарына Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолу аркылуу Ысык-Көлгө барууда түнкүсүн убактылуу чектөөлөр киргизилгени эскертилди.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 2026-жылдын жай-күз мезгилинде транспорттун агымы кескин көбөйгөндүгүнө байланыштуу Нарын облусунун Жумгал районундагы Сары-Булуң тилкеси күн сайын саат 20:00дөн 06:00гө чейин унаа кыймылы үчүн жабылып турат.

Бул чектөө жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында киргизилүүдө.

Бийлик өкүлдөрү Ысык-Көлгө сапарга чыгууну пландап жаткан Ош облусунун тургундарын каттамды алдын ала мерчемдеп, жолдун жабылуу графигин эске алууга чакырат.