Бишкек,21.02.25./Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министрлиги шылуундарга ишенбөөнү эскертти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, «Түндүк» мекемесинин өкүлдөрү жарандарга телефон чалып же билдирүү жөнөтпөгөнүн, ошондой эле тиркемеге катталуу тууралуу сунуш менен кайрылуулар болбогонун эскертет.
"Биз эч качан сыр сөзүңүздү, логиниңизди же башка жеке маалыматтарыңызды сурабайбыз. Сак болуңуз жана маалыматыңызды белгисиз адамдарга бербеңиз. Эгер шектүү аракеттерге туш болсоңуз, дароо укук коргоо органдарына кабарлаңыз. Жеке маалыматыңызды коргоңуз", — деп айтылат билдирүүдө.