Бишкек, 27.05.25. /Кабар/. Бүгүнкү күндө “GEN – кыргыз санжырасы” тиркемесинде 800 миңден ашык адам жөнүндө маалыматтар камтылган, 500 миңге жакын адамдын санжырасы XV кылымга чейин калыбына келтирилген. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Кырылгыз” ишканасынын негиздөөчүсү Антон Миронов билдирди.
“Биз үй-бүлөлөрдүн 18 жана 19-муунун изилдедик. Алсак, биздин тиркемеде президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин санжырасы бар. Колдонуучулар өздөрүнүн тарыхын изилдеп, ата-бабалардын жана азыркы инсандардын өмүр баянын окуп, маанилүү тарыхый окуялар менен тааныша алышат”, - деп белгиледи ал.
Ошондой эле, учурда тиркемеде 5 миңден ашык активдүү колдонуучу катталган.
Эске салсак, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 2025-жылдын январь-март айларында 26,4 миң адамга (0,4%) көбөйүп, 1-апрелге карата 7 млн 308 миң адамды түзгөн.