Бишкек, 23.05.25. /Кабар/. Бишкекте электрондук сооданын, санариптик логистиканын жана төлөм инфраструктурасынын келечегин талкуулоо үчүн негизги аянтча болгон Кыргыз Республикасынын улуттук маркетплейстердин форуму башталды. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чара улуттук маркетплейстерди өнүктүрүү, экспорттук потенциалды кеңейтүү, заманбап санариптик чечимдерди интеграциялоо жана e-commerce тармагында туруктуу B2B экосистемасын түзүү.
Форумдун алкагында логистика, санарип платформалар, жасалма интеллект (AI) технологиялары жана электрондук соода үчүн каржылык кызматтар боюнча панелдик талкуулар өтүүдө. Ошондой эле Кыргызстандын алдыңкы маркетплейстеринин презентациялары жана логистикалык, финтех компаниялар менен B2B-жолугушуулар уюштурулган.
"Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги электрондук сооданы өлкөнүн санариптик трансформациясынын маанилүү багыты жана ишкерлер үчүн жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдүн булагы катары колдоону улантат",-деп айтылат маалыматта.