Түндө тасма көрүү же интернетте отуруу уйкуга кандай таасир этет?

Ден соолук Загрузка... 02 Март 2026 12:18
shutterstock_112770.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Уктаар алдында гаджеттерди колдонуу жана контент көрүү эмоционалдык козголууну жаратып, уйкунун бузулушуна жана уктоонун кыйындашына алып келет. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине дарыгер Карема Магомедова билдирди.

"Социалдык тармактарды барактоо жана сериалдарды көрүү уйкуга кандай таасир этет? Гаджеттерден чыккан көк жарык мелатониндин (уйку жана сергектик циклин жөнгө салуучу негизги гормон) иштелип чыгышын басаңдаткандан сырткары, эмоционалдык жана когнитивдик козголууну жаратат. Бул болсо уктоону кыйындатып, уйкунун үзгүлтүккө учурашына себеп болот", — деди дарыгер.

Анын айтымында, уйку үчүн идеалдуу шарт түзүү максатында маалымат агымынан баш тартуу, контентти чектөө гана эмес, ашыкча баарлашуудан да качуу сунушталат.