Түндө да тапшырма берилет: Минкаб башчысы WhatsApp-топторун көрсөттү

Министрлер кабинети Загрузка... 13 Май 2026 11:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев журналисттерге мамлекеттик кызматкерлер менен байланыш түзчү телефонундагы WhatsApp-топторду көрсөттү.

Адылбек Касымалиевдин айтымында, министрлер, мэрлер, губернаторлор, акимдер жана администрация үчүн өзүнчө баарлашуу чаттары бар.

"Түнкүсүн да, саат 12ден 1ге чейин президент Садыр Жапаров тапшырма берет. Эгерде мен бардык министрлерге тапшырманы тез арада жеткиришим керек болсо, кээде WhatsApp аркылуу да көрсөтмөлөрдү берем", - деди минкаб жетекчиси.

Адылбек Касымалиев Бишкектеги унаа тыгындарынан улам, кээде жолугушууларды онлайн өткөрүү ыңгайлуураак экенин белгиледи. Анткени шаардын борборунан “Ынтымак Ордого” чейин жол жүрүү көп убакытты талап кылышы мүмкүн.

"Ачык кабинет" долбоорунун алкагында минкаб жетекчиси бүгүн Бишкек, Чүй жана Ысык-Көлдөгү объекттерди кыдырат. Анда мамлекеттик долбоорлордун ишке ашырылышын көзөмөлдөө жана маселелерди жеринде ыкчам чечүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

"Кабар" маалымат агенттиги Адылбек Касымалиевдин иш күнү тууралуу маалымат берип турмакчы.