Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда саат 12:30дан тартып оор жүк ташуучу унаалар үчүн киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Белгилей кетсек, 11-февралда аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам ашууда саат 13:00дөн тарта оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген. Учурда каттам бар, жолдор ачык.
№36 Жол тейлөө мекемеси тарабынан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө.