Өтмөк ашуусунда 5 чакырым жол асфальтталды

Аймак 12 август 2025 09:49
FB_IMG_1754970543211.jpg
FB_IMG_1754970545063.jpg
FB_IMG_1754970541228.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1754970543211.jpg
FB_IMG_1754970545063.jpg
FB_IMG_1754970541228.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 12.08.25. /Кабар/. Суусамыр – Талас – Тараз жолунун 12-17-чакырым аралыгындагы 5 чакырымдык тилкеге асфальт төшөө иштери толук аяктады.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда жол жээктерин бекемдөө иштери жүрүп жатат.

Жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды камсыздоо максатында жол белгилерин чийүү иштери пландалууда. Жол куруу жумуштарын №36 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлдү.

Бул иштер Транспорт министрлигинин көзөмөлү астында жүргүзүлүп, белгиленген мөөнөттө жана сапат талаптарына ылайык бүткөрүлдү.