Өтмөк ашуусу оор жүк ташуучу унаалар үчүн ачылды

Аймак 13 февраль 2026 13:06
Өтмөк ашуусу оор жүк ташуучу унаалар үчүн ачылды
copyright icon WWW

Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда саат 13:00дөн тартып оор жүк ташуучу унаалар үчүн киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

"Учурда каттам бар, жолдор ачык. Тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кечээ аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам ашууда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген.