Бишкек, 29.07.26 /Кабар/. Ош шаарына караштуу Төлөйкөн муниципалдык айылдык аймактык башкармалыгында жаңы асфальтталган бир катар көчөлөр пайдаланууга берилди.
Шаар мэриясынан билдиришкендей, С. Раимов, Г. Айтиев, Т. Боронбаев, С. Раимов чолок, Т. Осмонов, Т. Осмонов чолок, П. Атаханов жана А. Дүйшеев көчөлөрүнө, тактап айтканда, жалпы узундугу 5 чакырым 160 метр болгон жолго асфальт төшөлүп, жол чийиндери жана жол белгилери жаңыртылды.