Түлеев: "Old Bishkek" долбоору кайра каралып, элдин кызыкчылыгына ылайык өзгөртүлөт

Коом Загрузка... 08 Декабрь 2025 17:30
ede79cb8e2769d383ba.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 08.12.25 /Кабар/. “Old Bishkek” долбоору кайра каралып, элдин кызыкчылыгына ылайык өзгөртүлөт. Бул тууралуу аталган долбоордун негиздөөчүсү Нариман Түлеев билдирди.

Анын айтымында, бул элдин нааразычылыгын жана мамлекет башчыларынын талаптарын эске алуу менен кабыл алынууда.

“УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Долбоордо белгиленген, айрым жагдайлар өзгөртүлүп кетиптир, кайрадан карап чыккыла” деп айтты. Анын ичинде имараттагы үчүнчү кабатты алып салуу, жолдун туурасын кеңейтүү сыяктуу маселелер бар. Бул талаптардын бардыгы аткарылат, тиешелүү оңдоолор жүргүзүлөт. Бизден ката кеткен болсо, кечирим сурайбыз. Элдин пикири биз үчүн маанилүү. Ошондуктан долбоор кайра иштелип чыгат.

Жол эки тараптан үчтөн тилке болуп, жалпы алты тилкелүү болуп жасалат. Эгерде аба ырайы жакшы болсо, жолду быйыл бүткөрүлөт. Болбосо, курулуш келерки жылга жылдырылат. Бирок, жолду ачып турабыз. 12-декабрда ачылат”,- деп белгиледи ал.