Элдин аң-сезимин ойготуп, муундардын ортосундагы байланышты бекемдей турган куралдардын сап башында тарыхый чыгармалар, кино тасмалар турат. Алардын аң-сезимге таасир этүүчү, өткөндү эске сала турчу таасири абдан чоң. Учурда Кыргызстанда дал ушул максатты көздөгөн тарыхый долбоордун негизинде “Кара-Кыргыз” көркөм сериалы тартылууда. Алдыда бул сериал тууралуу анын режиссеру Сүйүн Откеев айтып берет.

- Чоң бир долбоорду баштаган экенсиздер. Сериал эмне жөнүндө болот? Ага кайсы тарыхый окуялар камтылат?
- ”Былтыр Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Абдыкерим Сыдыковду, Иманалы Айдарбековду, Жусуп Абдрахмановду, Абдыкадыр Орозбековду жана Ишеналы Арабаевди азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар деп атаган. Мындан улам бул маанилүү демилгени улантуу максатында “Кыргыз сериал” мамлекеттик мекемеси жана биздин “Арно продакшн” студиясы биргелешип, аталган инсандардын тарыхый ордун чагылдырган көркөм сериал тартуу чечимин кабыл алганбыз. Учурда Балыкчы шаарында тартуу иштери жүрүп жатат. Сериалдын аталышы “Кара-Кыргыз". Анда 1917-жылдардагы “Үркүн” окуясынан 1924-жылдагы “Кара-Кыргыз” автономиялык облусу түптөлгөнгө чейинки окуялар чагылдырылат.

- Канча сериядан турат? Сценарийи кимге таандык?
- Убактысы 40-50 мүнөттү түзгөн 4 серияда 7 жылдын ичиндеги тарыхый окуялар берилет. Ошондой эле сериалдын экинчи сезону дагы тартылып, ал 1938-жылдарга чейинки окуяларды камтыйт. Сериалды жалпысынан 3 сезон кылып тарталы деген ниетибиз бар. Экинчи сезонуна Жоомарт Бөкөнбаев, Гапар Айтиев сыяктуу белгилүү инсандар кошулат.
Сценарийин Токтобек Үсөнов, Насирдин Кудайбердиев, Аят Бакаева жана мен болуп 4 адам биргелешип жазганбыз. Андан сырткары онго жакын тарыхчы менен кеңешип анан тартып жатабыз.

- Тартуу иштери кайда жүрүүдө? Тарыхый сериал тарткан оңой болбосо керек?
- Учурда тартуу иштери Балыкчы шаарында жүрүп жатат. Мындан сырткары тартуу иштери Каракол, Кара-Балта шаарларында жана ошондой эле Хорезмдин акыркы борбору болгон Хива шаарында (Өзбекстан) уланат.
Албетте, тарыхый тасма тартуу оңой эмес. Бул жерде жүз жыл мурунку окуялар тартылып жаткандыктан, азыркы күнгө таандык эч нерсе колдоно албайбыз. Ар бир буюмду, костюмдарды, реквизиттерди ошол заманга ылайыктап жасаттык. Каалаган жерибизден тарта албагандыктан, туура келген локация издештирүү да кыйын болду.

- Тартуучу топто канча адам иштеп жатат? Актерлор кандай тандалып алынды?
- Командада 50дөй адам иштеп жатат. Актерлор, эпизоддук ролдор, массовка менен биригип долбоорго 700дөй адам катышат. Каармандардын бардыгы эле профессионал актерлор. Арасында элге өтө көп таанымал эмес жаңы жүздөр дагы бар.

- Бул тарыхый чоң долбоордун каржылык жагы кандай болуп жатат?
- “Кыргыз сериал” мамлекеттик мекемеси менен биргелешкен долбоор болгондуктан, бул мекеме сериалды каржы тарабын камсыздоодо. Тагыраак айтканда мекеменин жетекчиси Жеңишкүл Өзүбекованын демилгеси жана колдоосу менен тартылууда.

- Тартуу иштери качан аяктап, качан коомчулукка тартууланат?
- “Кыргыз сериал” мамлекеттик мекемеси менен кеңешип, болжол менен ноябрь айларында чыгарабыз. Мамлекеттик телеканалдардан жана “Этномедиа” платформасынан көрсөтүлүп баштайт.

- Бул тарыхый сериалдын кандай өзгөчөлүгү болот?
- Жаш муундарга тарыхыбызды таанытып, өткөн чагыбызды эстете турган долбоорду жаратканга аракет кылып жатабыз. Буюрса, жалпы кыргыз элин ойгото турган, тарыхыбызды жандандыра турган сериал болот деп ишенебиз.