Өткөн жылы жогорку технологиялардын жардамында жасалган 1 мин 658 кылмыш фактысы катталды

Коом Жүктөлүүдө... 29 Январь 2025 13:10
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 29.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Өткөн жылы жогорку технологиялардын жардамында жасалган 1 мин 658 кылмыш фактысы катталды. Бул тууралуу “Биринчи радиоун” түз эфиринде Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери, милициянын подполковниги Азамат Аттокуров билдирди.

Ал белгилегендей, анын ичинен 796 кылмыштын бети ачылып, калган фактылар боюнча учурда териштирүү иштери уланууда.

“Кылмыш фактылардын эң көбү борбор каалабызда катталган. Ал эми андан кийинки орунда Чүй облусу жана Ош облустары турат. Катталган факттылардын көбү телефон менен алдаган шылуундардардын тузагына илингендер. Анан жылдагыдан айырмаланып былтыр криптовалюта боюнча жасалган кылмыш фактылары дагы көп катталды”,-деди ал.