Өткөн жумада КРВИ жана сасык тумоо менен ооругандар азайды

Ден соолук Загрузка... 03 Ноябрь 2025 17:44
756377523413701.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 03.11.25. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдөгү курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абал тууралуу кабарлады.

Ведомствонун маалыматына караганда, 27-октябрдан 2-ноябрга чейин республика боюнча жалпысынан КРВИнин 6574 учуру катталган (интенсивдүүлүк көрсөткүчү – 91,0). Салыштырганда өткөн жумада көрсөткүч 1,9%га төмөндөдү.

Бардык ооругандардын ичинен 63,8% — 14 жашка чейинки балдар (4192 учур) түздү. Ооругандардын 6,7% (441 учур) ооруканага жаткырылгандар.

Республикалык көрсөткүчтөн жогору деңгээлдеги оорулар Бишкек, Ош шаарларында, Нарын, Чүй жана Ысык-Көл облустарында катталды.

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында оор курч респиратордук инфекциялар жана сасык тумоого окшош оорулар боюнча эпидкөзөмөл улантылууда.