Бишкек, 06.10.25. /Кабар/. Акыркы суткада өлкө аймагында 18 өрт кырсыгы катталды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:
- Бишкек шаарында – 5;
- Ош шаарында – 2;
- Ош облусунда – 3;
- Чүй облусунда – 2;
- Ысык-Көл облусунда – 3;
- Жалал-Абад облусунда – 1;
- Баткен облусунда – 2.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 22 күжүрмөн эсеп тартылып, куткаруу кызматтары тарабынан 6 чыгуу болгон.