ТИМдин мурдагы башчысы бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгымдоого шектелүүдө

Укук тартиби Загрузка... 15 Апрель 2026 10:23
671423778_1351341723681492_8356898820669775839_n.jpg

Бишкек, 15.04.26. /Кабар/. Тышкы иштер министрлигинин мурдагы жетекчиси А. Ч. А.нын кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал тышкы иштер министри болуп иштеп турган мезгилде айрым кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп, бюджеттик каражаттарды пайдаланууга байланыштуу бир катар мыйзам бузууларга жол берген.

Тергөө көрсөткөндөй, каражаттарды мыйзамсыз чыгымдоо, айрым чыгымдардын көлөмүн жогорулатуу, материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын тийиштүү документтерсиз же жасалма документтерди колдонуу менен эсептен чыгаруу фактылары аныкталган.

Бул факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгү (кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш ишин козгогон.

А. Ч. А.га аталган берене боюнча айыбы угузулуп, өлкөдөн чыкпоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып алынды.

Учурда кылмыш ишинин алкагында тергөө жүргүзүлүүдө.