ТИМ: Түркияда кармалган кыргызстандык мугалим үй камагына чыгарылды

Коом Загрузка... 11 Май 2025 13:13
1701695967_42.jpg
copyright icon www

Бишкек, 11.05.25. /Кабар/. Түркияда кармалган кыргызстандык мугалим үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Түркиянын аймагында кармалган А.у.Н аттуу кыргыз жаранына карата улантылып жаткан консулдук-укуктук колдоонун алкагында Түркиянын Газиантеп провинциясынын сотунун 2025-жылдын 9-майындагы чечимине ылайык, аталган жаран тергөө абагынан бошотулуп, үй камагына чыгарылды.

КР Тышкы иштери министрлиги Стамбул шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу жана А.у.Н. жактоочусу менен биргеликте жарандын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодо ар тараптуу жардам көрсөтүүнү улантууда.

Аталган маселе министрликтин өзгөчө көзөмөлүндө турат.