Бишкек, 13.10.25. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Египетте жол кырсыгынан Катардын үч дипломатынын трагедиялуу каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруусун билдирет.
"Ушуга байланыштуу катар тарапка, маркумдардын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Ошондой эле бул каргашалуу окуяда жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайбыз", - деп айтылат маалыматта.