ТИМ: “Электрондук консул” маалыматтык системасынын сайты ишке кирди

Коом Загрузка... 08 Апрель 2025 14:36
WhatsApp Image 2025-04-08 at 11.25.15.jpeg
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 08.04.25. /Кабар/. "Электрондук консул" маалыматтык системасынын веб-сайты ишке киргизилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдайт.

Сайт консулдук кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүү максатында иштей баштады.

Эми КР жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар төмөнкү маалыматтарды ала алышат:

  • КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти, дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана консулдук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү консулдук кызматтардын тизмеси;
  • Паспорттун түрүнө жараша чет өлкөгө баруу шарттары жөнүндө маалымат;
  • КР дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин байланыш маалыматтары жана башка пайдалуу маалыматтар.

Сайт ошондой эле консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектри боюнча кыргыз, орус жана англис тилдеринде онлайн-консультацияларды алуу мүмкүнчүлүгүн берет: визаларды тариздөө, паспорттоштуруу, жарандык абалдын актыларын жазууну каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгы боюнча маселелер, Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары тарабынан берилген документтерди легалдаштыруу жана консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн башка аспектилери.

Консультациялар социалдык тармактар – Facebook, Instagram, WhatsApp жана Telegram аркылуу күнү-түнү онлайн режиминде берилет.

Консулдук кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана ыңгайлуулугун жогорулатуу үчүн төмөнкү жаңы онлайн-кызматтар ишке киргизилди:

  1. Электрондук булут колтамгасы аркылуу консулдук каттоого туруу жана каттоодон чыгаруу;
  2. Мамлекеттик (консулдук) кызматтарды алуу үчүн дипломатиялык өкүлчүлүктөргө жана консулдук мекемелерге кабыл алууга электрондук жазылуу аркылуу ыңгайлуу күнүн жана убактысын тандоого мүмкүндүк берет.

Кененирээк маалыматты веб-сайт https://e-consul.gov.kg/ аркылуу алса болот.