ТИМ Америкада жүргөн кыргызстандыктарды мыйзамды так сактоого чакырат

Коом Загрузка... 27 Январь 2025 13:18
thumbs_b_c_722efe925fb8c1e760c4e0d558cd2431.jpg
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Тышкы иштер министрлиги Америка Кошмо Штаттарында жүргөн кыргызстандыктарды мыйзамдарды так сактоого чакырат.

Ведомстводон маалымдашкандай, АКШнын миграциялык саясатындагы учурдагы өзгөрүүлөргө байланыштуу өлкөнүн расмий бийликтери чек арадагы мыйзамсыз иммиграцияны токтотуу жана өлкөдө мыйзамдуу негизи жок адамдарды аныктоо боюнча чараларды көрүүдө.

ТИМ АКШнын аймагында жүргөн же бул өлкөгө барууну пландаштырган Кыргызстандын жарандарына миграциялык мыйзамдардын жаңы жоболорун так сактоону жана өлкөдө жүрүү статусун тастыктаган бардык керектүү документтерди дайыма жанында алып жүрүүнү сунуштайт.

Министрлик АКШда жүрүү боюнча кошумча суроолор пайда болгон учурда төмөнкү номерлер аркылуу Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилигине жана Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугуна кайрылууңуздарды өтүнөт:

Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилиги

2360, Massachusetts Avenue, NW, Washington D.C. 20008

kgconsulate.washington@mfa.gov.kg

+1 202 256 2924

+1 202 449 9823; +1 202 449 9822

Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу

100 North LaSalle Str., Suite 1610,Chicago, IL 60602

kgconsulate.сhicago@mfa.gov.kg

+1 312 929 34 42

+1 312 994 24 16