Бишкек, 04.12.25 /Кабар/. TikTok платформасы Бразилияда маалыматтарды иштетүүчү ири борбор курууга 200 миллиард реалдан ашык же 37,7 миллиард доллар инвестициялоодо. Бул компаниянын Латын Америкасындагы алгачкы масштабдуу долбоору экендигин Интерфакс билдирет.
Маалыматка ылайык, маалымат борбору өлкөнүн түндүк-чыгыш тарабындагы Сеара штатында, Песем өнөржай портуна жакын аймакка курулат. Долбоорду TikTok маалымат борборлорун курууда тажрыйбасы бар Omnia компаниясы жана Бразилиянын энергиянын кайра жаралуучу өндүрүүчүлөрүнүн ири өкүлдөрүнүн бири Casa dos Ventos компаниясы ишке ашырат.