Бишкек, 19.12.25 /Кабар/. Кыска видеолорду жаратуу жана көрүү кызматын сунуштаган TikTok өзүнүн АКШдагы бөлүмүн сатуу боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу Axios порталы тиешелүү документтерге таянып кабарлаганын, Известия билдирет.
Маалыматта белгиленгендей, бул келишим кытайлык ByteDance компаниясын TikTokтун америкалык сегментин америкалык инвесторлорго сатууга мажбур кылган көп жылдык талаш-тартышка чекит коёт. Мындай чечим АКШ тараптан айтылган улуттук коопсуздукка байланышкан тынчсызданууларды азайтуу максатын көздөйт.
Келишимди расмий түрдө жыйынтыктоо 2026-жылдын 22-январына белгиленген. Документтерге ылайык, Oracle Corporation, Silver Lake жана MGX компаниялары америкалык TikTokтун 45% акциясына биргелешип ээлик кылат.
Дагы 5% акция жаңы инвесторлорго, 30,1% акция ByteDanceтин учурдагы инвесторлоруна байланышкан компаниялардын үлүшүнө өтөт. Ал эми 19,9% акция компаниянын өзүндө калат.
АКШнын президенти Дональд Трамп 25-сентябрда Кытай менен TikTokтун америкалык сегментин сатуу боюнча келишимге кол коюлганын билдирген. Анын айтымында, бул келишимге жаштар өзгөчө кызыкдар болгон. Кийинчерээк, 7-октябрда, Трамп TikTokтогу өзүнүн аккаунтуна кайтып келип, бул социалдык тармакты жаш муун үчүн сактап калганын айткан.