Министр Бишкектеги медициналык мекемелердин оңдоп-түзөө иштерин текшерди

Ден соолук 05 Март 2026 10:25
647378078_941653698261999_7560587803703817788_n.jpg
644139444_941653694928666_5278211194664276554_n.jpg
Алдыга
Артка
647378078_941653698261999_7560587803703817788_n.jpg
644139444_941653694928666_5278211194664276554_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 05.03.26. /Кабар/. Күн мурун саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Бишкек шаарындагы Тез жардам клиникалык ооруканасына жана №9 Үй-бүлөлүк медицина борборуна барып, оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү жана калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн шарттары менен таанышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, министр Тез жардам клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүн, күйүк жана неврология бөлүмдөрүн жана интенсивдүү терапия палаталарын көрүп чыкты.

Ошондой эле ал оорукананын экинчи корпусунда жүрүп жаткан капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул жерде кардиология, терапия, күйүк жана токсикология бөлүмдөрү жаңыланууда. Оңдоп-түзөө иштери 2025-жылдын декабрь айында башталган жана учурда активдүү уланууда.

Белгилей кетсек, аталган медициналык мекемелерди оңдоп-түзөөгө 182 млн сом каралган.