Бишкек, 13.10.25. /Кабар/. Күн мурун АКШнын Теннесси штатындагы аскердик заводдо болгон жарылуунун кесепетинен 16 адам каза болду. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, жарылуу Accurate Energy Systems компаниясына таандык, аскердик жардыргыч заттарды өндүрүүгө адистешкен ишкананын аймагында жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:45те Теннесси штатындагы Нашвилл шаарынын түштүк-батыш бөлүгүндө болгон.
Жарылуунун себептери азырынча тактала элек.
Өзгөчө кырдаалдар кызматынын өкүлдөрү учурда окуя болгон жерде иликтөө иштерине жардам берип жатышат. Жарылуучу материалдардын болушу жана таштандылардын көптүгүнө байланыштуу тазалоо иштери жай жана этият жүрүүдө.