Техастагы селден каза болгондордун саны 109га жетти

Дүйнө Загрузка... 09 Июль 2025 10:55
WhatsApp Image 2025-07-09 at 10.13.29.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 08.07.25. /Кабар/. АКШнын Техас штатын каптаган селден кеминде 109 адам каза болуп, 160тан ашууну дайынсыз болууда. Бул тууралуу Синьхуа маалымдады.

Агенттиктин маалыматына караганда, учурда Гвадалупе дарыясынын жээгинде куткаруу иштери уланууда. Каза болгондордун 87си Керр округунда болгон.

Техас штатынын губернатору Грег Эббот брифингде издөө иштери Гвадалупе дарыясынын тутумунда улана турганын айткан.

“Биз дайынсыз жоголгондорду табуу үчүн талыкпаган иш алып барабыз”,-деген ал.

АКШнын Улуттук метеорологиялык кызматы Техас штатындагы Керр округунун бир нече шаарларында селден улам өзгөчө кырдаал жарыялады.

CNN телеканалынын маалыматы боюнча, аймактагы жарым миллиондон ашык адам суу каптоо коркунучунда турат.