Техаста учак кулап, бир нече унаа күйүп кетти

Дүйнө 13 октябрь 2025 09:17
Техаста учак кулап, бир нече унаа күйүп кетти
copyright icon WWW

Бишкек, 13.10.25. /Кабар/. АКШнын Техас штатында учак кулап түштү. Бул тууралуу Казинформ агенттиги кабарлады.

Маалыматтарга ылайык, кырсык Форт-Уорт шаарынын түндүк тарабындагы Хикс аэропортуна жакын жерде болгон.

Fox 4 телеканалы кырсык болгон жерде бир нече жүк ташуучу унаа күйүп кеткенин билдирген.

Кырсык өнөр жай аймагында болуп, ал жерде мунай жана газ тармагына тиешелүү жабдууларды ташуучу компания жайгашкан.

Кырсыкка кабылган учат чакан учак болгон.

“Кырсыктын себептери жана жабыркагандар тууралуу азырынча так маалымат жок. Тиешелүү органдар иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат”,-деп айтылат маалыматта.