Бишкек, 17.06.25. /Кабар/. Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары Израилге ракеталык чабуулдардын жаңы толкуну болгонун кабарлады.
Маалыматка караганда, буга чейин Ирандын БУУдагы элчиси Амир Саид Иравани Тегеран өзүн-өзү коргоого укуктуу экенин жана анын алкагында “пропорционалдуу коргонуу операцияларын” жүргүзөрүн билдирди.
Белгилей кетсек, Израиль буга чейин 13-июнь күнү эртең менен Тегеранга жана Ирандын бир катар башка шаарларына абадан сокку урган.
Буга жооп катары Иран Израилге 270тен ашуун ракета жана дрондорду учуруп, Тель-Авив, Хайфа жана башка шаарларга сокку урду. Бул чабуулдарда 14 израилдик каза болуп, жүздөгөн адамдар жаракат алышты.
Израилдин Коргоо министрлиги Тегерандагы Ирандын Коргоо министрлигинин имараттарын жана энергия инфраструктурасын бутага алганын билдирди.
АКШ президенти Дональд Трамп кагылышууну токтотууга чакырып, Иранга америкалык активдерге кол салбоо эскертүүсүн берди.
Бирок Израиль өзүнүн аскердик кампаниясын улантып, Ирандын өзөктүк жана аскердик мүмкүнчүлүктөрүн жок кылууну максат кылууда.
Соңку расмий маалыматтарга ылайык, Израилдин Иранга жасаган соккусунан 244 киши каза болуп, 1277 киши жарадар болду. Курман болгондордун 90 пайыздан ашыгы карапайым тургундар.