Тегеран эки жумадан кийин ичүүчү суусуз калышы мүмкүн

Дүйнө Загрузка... 05 Ноябрь 2025 10:55
WhatsApp Image 2025-11-05 at 10.23.02.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.11.25 /Кабар/. Ирандын баш калаасынын жашоочуларын суу менен камсыздаган негизги булак эки жуманын ичинде соолуп калышы мүмкүн. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, Тегеранды ичүүчү суу менен камсыз кылган беш дамбанын бири Амир Кабир плотинасы 14 млн кубметрге толду. Былтыр суунун көлөмү 86 млн кубметрге жеткен.

Бирок, мындай деңгээлде плотина Ирандын борборун эки жумага гана суу менен камсыздай алат.

Ирандын маалымат каражаттары белгилегендей, Тегерандын калкы күнүнө болжол менен үч млн кубметр суу керектейт. Кырдаалды турукташтыруу чарасы катары айрым аймактарга суу берүү токтотулду.

"Аль-Жазира" телеканалынын маалыматы боюнча, Иран акыркы ондогон жылдардагы эң катуу кургакчылыкка туш болууда.