Бишкекте каналга түшүп кеткен “Тазалыктын” үч кызматкеринин тең сөөгү табылды

Кырсык 01 Январь 2026 12:59
IMG_0144.jpeg
IMG_0145.jpeg
IMG_0146.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_0144.jpeg
IMG_0145.jpeg
IMG_0146.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 01.01.2026. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов районунда 30-декабрда Жылуулук электр борборунун (ТЭЦ) техникалык каналына түшүп кеткен 3 жаран толук табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жүргүзүлгөн издөө-куткаруу иш-чараларына Кыргыз Республикасынын ӨКМнин куткаруучулары тартылып, ыкчам аракеттердин натыйжасында жарандардын бардыгы табылган.

2025-жылдын 30-декабрында изделип жаткан жарандардын биринин сөөгү аталган каналдан табылып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. 31-декабрда саат 09:50 чамасында экинчи жарандын сөөгү ӨКМ куткаруучулары тарабынан табылган. Ал эми бүгүн, 1-январь күнү, издөө иштеринин жүрүшүндө үчүнчү жарандын денеси табылып, тиешелүү тартипте милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Издөө иштери толук аяктады.