Бишкек, 17.06.26. /Кабар/. Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайга КР эл артисти, көрүнүктүү режиссёр жана педагог Бообек Ибраевдин ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул чечим Бообек Ибраевдин кыргыз театр искусствосун өнүктүрүү, улуттук сахна маданиятын калыптандыруу жана кесипкөй театр кадрларын даярдоого кошкон зор салымын даңазалоо максатында кабыл алынды.
Аталган окуу жайда салтанаттуу иш-чара уюштурулуп, министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, театр ишмерлери, окутуучулар, студенттер, бүтүрүүчүлөр жана маданият өкүлдөрү катышты.
Анда бүтүрүүчүлөр өнөрлөрүн тартуулап, “Бетме-бет” спектаклин коюшту.